Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Эки анжы, олку-солку, чечкиндүү эмес, көңүлсүз, кайдигер гана. Тосор шашпастан мурутун сылап, жоопту кош көңүл кайтарды (Эшмамбетов). Бул окуяга кош көңүл мамиле жасады (Абдукаимов). Теңсинбегендей чоюлуп жай басканы, камырап да койбогон кош көңүл мамилеси мени таң калтырды («Ленинчил жаш»). 2. Талгак. Гулжан, сен абдан азып кеттиң. Кош көңүл болуп жүрбө? (Байтемиров). Жеңе, кош көңүл деген эмне? Ал талгак деген сөз болот («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки анжы, олку-солку, чечкиндүү эмес, көңүлсүз, кайдигер гана. Тосор шашпастан мурутун сылап, жоопту кош көңүл кайтарды (Эшмамбетов). Бул окуяга кош көңүл мамиле жасады (Абдукаимов). Теңсинбегендей чоюлуп жай басканы, камырап да койбогон кош көңүл мамилеси мени таң калтырды («Ленинчил жаш»). 2. Талгак. Гүлжан, сен абдан азып кеттиң. Кош көңүл болуп жүрбө? (Байтемиров). Жеңе, кош көңүл деген эмне? Ал талгак деген сөз болот («Ала-Тоо»).